Калкып өтөт карегимден элестер,
Көл, дайралар кырка тоолуу белестер,
Ар бир уулуң кай тарапта жүрсө да,
Кыргыз жери жандай көрүп кымбатындай сени эстээр.
Кандай жүрөк сени самап сагынбас,
Кандай жүрөк сен дегенде жагылбас.
Эне сүттүү кыргыз жери кымбатым,
Эч убакта эскирилгиз бир жоготсоң табылбас.
Кыргыз күүсүн уксаң денең калтырап,
Көңүлүңдө чексиз изин калтырат.
Ак чокулуу мекенимдин элеси,
Азыр гана көргөн сымал карегимде тартылат.
Унутулбайт кайгырсаң да күлсөң да,
Бүркүт шаңшыйт качан кулак түрсөм да.
Касиеттүү кыргыз жери кымбатым,
Каректесиң, жүрөктөсүң кай тарапта жүрсөң да.
Жолдубай Кайыпов — Кыргыз жери кымбатым тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 2167
текст чыгарып койгулачы
Жакты тексти керек эле таппай жатабыз
Суроолор боюнча тексти кошулду
Эстеп болуш керек эле бул тексте сени самап болуп калыптыр
Ааааааа
Мисс