Бир өзүңсүң көңүлүмдө,
Сүйүү болдуң жүрөгүмдө.
Мени сендей ардактаган,
Ким бар дейсиң бул өмүрдө?
Кайырма:
Асмандагы айдай жандың,
Сен жашоомду саймаладың.
Мени сүйгөн жүрөгүңдүн,
Кагышынан айланайын.
Сага мен да болдум кумар,
Жүрөгүмө тактың тумар.
Сенин сүйүүң жалындаган,
Мага тирек болуп турар.
Кайырма:
Сенин сүйүүң алга сүрөт,
Үмүт болуп менде жүрөт.
Сүйкүм жүзүң көргөнүмдө,
Бир мен эмес, дүйнө күлөт.
Кайырма:
Нурзат Садыкова — Айланайын тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 14930
Оба эн сонун
Жакпай анан
Тура емес жазып койуптурсунар
Саламатсызбы, эмнеси туура эмес экен?
Озун да туура жазбапсын го емес депэмес болот
жаркып деп айтылат го
Сонун ыр жагат аявай❤️