Мейли тагдыр мага башың ийбегин
Мейли тагдыр мага жарык тийбегин
Бул жашоомдо жүрсүн жарык күн тийип, ай,
Медер туткан ата-энеме тийбегин.
Мейли тагдыр сыйлыгыңды бербегиң
Байлыгыңды маңдайыма илбегин.
Андан өткөн мага бакыт, байлык жок, ай,
Суранаарым жакыныма тийбегин.
Түбөлүктүү досторума тийбегин.
Мейли тагдыр айткан тилди албагын
Башка согуп, ташка согуп алдагын.
Жашайт дайым, өчпөс кылып түбөлүк, ай
Жүрөктөгү сүйүүмө чек салбагын,
Жалгыз гана ак сүйүүмө тийбегин.
Мейли тагдыр өкчөп-калчап бийлегин
Мейли тагдыр камыр кылып ийлегин
Мен өзүңдөн башка нерсе сурабаймын
Медер туткан эл журтума тийбегин.
Жумагүл Раимжан кызы — Тагдыр тексти
Датасы: 09.10.2020 Көрүүлөр: 91