Жаралып мен дүйнөгө келген кезден,
Азап-кайгы мен үчүн даалай жеген.
Ал асыл зат, аймончок менин энем,
Таманынан бейиштин жыты келген.
Кайырма:
Ээй, адамдар оой, адамдар,
Энеси бар адамдар, бактысы бар адамдар.
Ээй, адамдар оой, адамдар,
Дүйнөдө теңдеши жок менин да апакем бар.
Тилегим бар тоюмда күлүп апа,
Кубанып сен батаңды берип мага.
Ай жүзүңдөн төгүлүп күн шоолосы,
Бактыбызга бар болчу жаным апа.
Кайырма:
Жаным менин, күнүм менин,
Сүйүүм менин, жаным апам…
Жоодарбешим — Жаным апам тексти
Датасы: 30.09.2020 Көрүүлөр: 99