Сени эңсеп, сүйүп жашайм,
Арнап сага жылдарымды.
Түбөлүккө унутпаймын,
Алмашкыс жыргалымды.
Кайырма:
Сүйүүмдү сага жолдодум,
Сүйөт деп мен да болжодум.
Жалындаймын, өчпөймүн,
Жалгыз сенде ойлорум.
Кулачым жайып, ачамын,
Кубаныч балын татамын.
Адаштырган, алдаган,
Жалгандардан качамын.
Маңдайыма бүткөн ушул,
Билем, жазган бакытымды.
Өтсө өмүр өзгөрүлбөс,
Өзүңдү мен таптымбы?
Кайырма:
ЖанЭл — Ойлорум сенде тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 93