Жаратыптыр табигат,
Жаным, сендей асылды.
Жыргал сезем ар убак,
Жыттаганда чачыңды.
“Серп” этемин сезимтал,
Серпип койсоң кашыңды.
Кайырма:
Көл жээгинде бир басып,
Көргүм келет көзүңдү.
Узун түндө бир басып,
Уккум келет сөзүңдү.
Өзгөлөнтүп өзгөчө,
Өпкүм келет өзүңдү.
Жаратыптыр табигат,
Жаркылдатып тишиңди.
Сагынамын ар убак,
Көңүлдөгү кишимди.
Махабат деп ойлоймун,
Мага кылган ишиңди.
Кайырма:
Жаратыптыр табигат,
Жаным, сендей асылды.
Жыргал сезем ар убак,
Жыттаганда чачыңды.
“Серп” этемин сезимтал,
Серпип койсоң кашыңды.
Замир Арыкбаев — Көл кызы тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 46