Буралып гүлү жайнаган,
Булбулу бакта сайраган.
Ала-Тоо кыргыз жергеси,
Артыкко сайган саймадан.
Кайырма:
Жерибиз көрккө ыңгайлуу,
Элибиз билбейт муң-кайгы.
Ынтымак, достук бизде бар,
Ырдайлы, достор, ырдайлы!
Жарашып тынчтык шартына,
Фестиваль майрам жалпыга.
Кулагын тосот Ала-Тоо
Ырдаган дыйкан малчыга.
Кайырма.
Жектейбиз согуш кыргынын,
Билебиз тынчтык чындыгын.
Баалайбыз сүйкүм мекендин
Байлыкка тунган ой-кырын.
Кайырма.
Жерибиз көрккө ыңгайлуу,
Элибиз билбейт муң-кайгы.
Ынтымак достук бизде бар,
Ырдайлы, достор, ырдайлы!
Жакты
Ката жок
Мага абдан жакты
Сонун ыр рахмат силерге жакшы ыр экен
Жакты десе болот
Сонун мага жакты
Жакшы ыр экен рахмат силерге
Сонун ыр рахмат силерге
Оа
Пр спасибо за песню
❤️❤️ жакшы ырдашат экен шаңдуу ыр экен ушундай ырлар мага абдан жагат
Солнце экен