Сага деген мас жүрөгүм соолукту,
Кеч болсо да өз теңиме жолуктум.
Ак жолукту кыйгач байлап назданып,
Мен өзүңө болбой калдым колукту.
Апакеңдин болбой калдым келини,
Болсо керек сүттөй аппак пейили.
Аттиң арман турмуш сырын чече албай,
Бүтпөй калды махабаттын сейили.
Турмуш чиркин өтүп барат карачы,
Адамдын да өзгөрөт ой-санаасы.
Күндүр-түндүр тынчсызданган апамдын,
Болбой калдың, эрке күйө баласы.
Болбой калдың, сүйгөн күйө баласы.