Кайрадан жаз жадырап мына бүгүн,
Аралап, тиктеп турам алма гүлүн.
Элесиң көз алдыма келе калып,
Азыр да жүрөгүмдө сыздайт жара.
Ишенбей сен “улгайдың” десең мага,
Боз улан эмес белем кечээ гана.
Ал кезде махабатты эстеп алып,
Азыр да жүрөгүмдө сыздайт жара.
Ах, чиркин, сонун мезгил артта калып,
Түнкү оттой тээ алыстан бүл-бүл жанып.
Тутантат куса болгон жүрөгүмдү,
Ээрчитип, өзүн көздөй тартып алып.
“Дүрт” этип махабаттан келсем эрип,
Дагы эле келет сага эркелегим.
Кайдасың, айтсаң боло, кызыл алма?
Кайдасың жүрөгүмдүн эңсегени?
Сапар Эркебаев — Алма гүлү тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 478