Бул турмуш дарак тура мөмөлөгөн,
Мөмөсүн эсиргендер тебелеген.
Мен сени жандап жүргөм, жашыл жолду,
Бөлүнбөй кете берем деген элем.
Бул турмуш деңиз тура кебелбеген,
Жакшылык, жамандыгын ченебеген.
Тымызын кош айтышып жаткан кезде,
Мен сени унутам го деген элем.
Көрсө, сен катар басып койбоптурсуң,
Бүтүндөй өмүрүмдү ойноптурсуң.
Жүрөктө балалыгым кандай калса,
Сен дагы дал ошондой орноптурсуң.
Саламат Садыкова — Жүрөктө калды элесиң тексти
Датасы: 06.10.2020 Көрүүлөр: 119