Кызыктай бар эле адатыбыз,
Кыш эрте келсе деп самачубуз.
Каткырып кар кечип, кубалашып,
Кечинде сабактан тарачубуз.
Кайырма:
Вальс, вальс, вальс,
Мойнума кар саласың.
Вальс, вальс, вальс,
Кубанычым таркабасын.
Кайрадан кар кечип узатайын,
Кайдасың, классташ-парталашым?
Жаштыктын жалындуу күчү менен,
Жаш элек биз анда үшүбөгөн.
Күкүктөр сайраса кыш чилдеде,
Гүлкайыр гүл ачкан кышы менен.
Кайырма:
Жабыркайм чилденин тушунда бу,
Жалгыздык азабы ушундабы?
Жылытам, демиме жылытамын,
Гүлкайыр гүлүмдү кышындагы.
Сагыныч — Кар вальсы тексти
Датасы: 10.10.2020 Көрүүлөр: 663