Убайым тартып алыстан,
Унутуп бардык нерсени.
Сары оору болуп ансызда,
Сагындым туулган жер сени.
Канатым болсо азыр мен,
Калкылдап учуп жетсем дейм.
Калдайган сары талааңда,
Карлыгач болуп кетсем дейм.
Ээрчитип дайым бийикке,
Элесиң чыкпайт эсимден.
Сел жүрүп дайым денеде,
Сезимди бийлеп келесиң.
Уктасам кирет түшүмө,
Аргымак чапкан талаалар.
Тыйылбай такыр кусалык,
Тынчыбай койду санаалар.
Уну жок ырдын
Сонун,аябай жакты!
Энелеге
Ыр отто сонун ырдалган мага аябай жагат
Мага аябай жагат, уну да соонун ырдалганы обону аябай соонун
Оа жакты