Сезбедиң бир жаным ыр жазып ырдадым,
Азаптуу күндөрдө бир сен деп кыйналдым.
Асманда аккудай армандуу туйладым,
Ажарлуу жүзүңдү көрүүгө зар болуп сыздадым.
Эсимден кетпеди жүрөгүм сен деди,
Олтурам сени ойлоп бир келип кетсеңчи.
Жолуңдан тосоюн күттүрбөйй келсеңчи,
Өткөргөн бактылуу күндөрдү бир жолу эстечи.
Махабат илеби жаз болуп келбеди,
Сүйүүгө кандырып жүрөктү эзбеди.
Жолукпай жүрөсүң кайдасын сен деги,
Үмүтүм үзүлбөй өтүүдө бир гана, бир гана мендеги.
Нурзада Жолдошева — Сүйүү таңы тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 50