Жаныбызда болмок чоң бакыт.
Жакшы күндөн калдык адашып.
Жарашыктуу түгөй дедиртпей,
Жашым акты күлкү талашып.
Кайырма:
Болмок эле бизде чоң сүйүү.
Болбой калды жүрөк түшүнүү.
Бар болгону болду ортодо,
Боз жаздыкка көз жаш түшүрүү.
Ортобузда болмок жакшылык.
Орду толгус өкүт шаштырып.
Коюу терең ынак боло албай,
Ойдогудай өтпөй жашчылык.
Кайырма:
Нуркыз Кожонова — Болмок эле тексти
Датасы: 03.10.2020 Көрүүлөр: 123