Кылымдардан мурас калган аспабым
Байкасаңар шамшып чертип жатканын
Толгоп койсом комузумдун кылдарын
Тыңдайсынар ичине эмне катканын
Тарых болуп кошо жашап кыргыздын
Тагдыр болуп кордук бирге тартканын
Теңир колдоп чечип найзаң учунда
Тең келбеген күүсү черди жазганы
Ырчы келсе туурдукту түрүшүп
Келин кыздар керегеден тыңдаган
Пейилиндей боз үйү да бепбелең
Ичине кимдер гана сыйбаган
Ал боз үйдү жүктөп алып тил төөгө
Көчүп кетет жетелешип буйладан
Мүнөшкөрү бүркүт таптап үндөгөн
Бүркүтүнөн карышкырлар сүрдөгөн
Агытканда алкып тиштүү тайганын
Аскасынан аркар үркүп дүрбөгөн
Чоң энелер чимирилдип ийикти
Небереге кийим токуйт түймөдөн
Келин кызы колунан көөр төгүлүп
Келиштирип туш кийизин түрлөгөң
Чоң аталар небересин өңөрүп
Жорго минип желигенди билбеген
Төрт туягы кылдарында жорголоп
Комуз сайрайт жоргологон үн менен
Кооздойлу бул кечени келгиле
Комуз үнүн коштоп жорго бий менен
Жылкысы жылган ашып кырдаган
Желеде кулундары туйлаган
Жолочуну кымыз менен тозушуп
Тоночуну кылыч менен кыйнаган
Балдарына бербей жаткан токочун
Конок келсе беребиз деп жыйнаган
Конок бурбай уйгө келген жыланды
Өлтүрбөстөн ак чачышып сыйлаган