Төрөлүп, айылымда өспөдүм,
Чоңоюп жеримди мен көрдүм.
Түйшүгүн тарттым алыстын,
Сагынбай сени койбодум.
Турпагың алтын Кичүү Ак жолум.
Кайырма:
Койнуңда кыр ашып ойнобой,
Сууңдан ууртадым бойлобой.
Топурак чаңыткан жаш балдар,
Көргөндө жүрөгүм сыздады, ай,
Айылымда өспөдүм аттиң, ай.
Түн ичи жылдыз жымыңдап,
Ак мөңгү баскан чокулар.
Жылт десе жүрөк жылыткан,
Айлымдын өчпөс оту бар,
Айланам сенден туулган жер.
Кайырам:
Артыктай көрүп жанымдан,
Алыстап жүрсөм сагынам.
Кыскандай Эгем бооруна,
Кымбатсың мынча баарынан,
Айланам сенден туулган жер.
Кайырма:
Нарынбек Калыбаев — Туулган жер тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 80