Учамын сага, учамын,
Ох, жаным, жаман кусамын.
Сары оору кылган жүрөктүн,
Дарысы сенсиң кусанын.
Кайырма:
Төө ашуу менен Ала-Бел,
Жолдору татаал аман кел.
Сагындым айыл мөмөсүн,
Алма-өрүк бышса ала кел.
Учамын сага, учамын,
Ак сүйүүң менен тушадың.
Чыга албай калдым, чырмалып,
Чыгарбай тарткан тузагың.
Кайырма:
Учамын сага, учамын,
Ох, жаным, жаман кусамын,
Сары оору кылган жүрөктүн,
Дарысы сенсиң кусанын.
Кайырма:
Нарынбек Калыбаев — Айылдан салам тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 7863
Соонун
Соонун ыр уккулуктуу ыр онорун оркундой берсин чыгармачылык ийгилик каалаймын