Уктабай күнү түнү
Өстүргөн алтын апам
Биз үчүн мээнет кылган
Ал менин жалгыз атам
Ак сүтүн актар бекем
Жалгызым жаным апа
Кайырма:
Бар болгула дайыма
Ата-энем бактыма
Эркелеп мен жүрөйүн
Атам апам жанымда
Жадырап жаз гүлүндөй
Жаркырап турсун апам
Кайгыдан алыс болуп
Күлүп жүргүнүң атам
Силер бар бул дүйнөдө
Көңүлдө болбос капа