Берекелүү жергебиз,
Кең пейилдүү элденбиз.
Кереметтү кыргызстан,
Телегейиң теп — тегиз.
Жерибиз асыл, кенге бай,
Теңирим берген аянбай.
Кереметтүү кыргызстан,
Бейиштин гана төрү, ай.
Кайырма:
Көчмөнү кылым карыткан,
Өчпөсүн изи тарыхтан.
Жар салам бүткүл ааламга,
Жашасын кыргызстан.
Манас атам колдосун,
Ынтымак тынчтык орносун.
Өнүгүп, өскүн кыргызстан,
Кымбаттуу алтын ордосуң.
Ырыскы тилейм жериме,
Ынтымак каалайм элиме.
Береке, байлык көп болсуң,
Ак аклпак кыргыз элимде.
Кайырма:
Максат Бегалиев — Жашасын Кыргызстан тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 108