Жашоо өзү керемет,
Жакшы ой алга жетелеп.
Умтулуп алга келесиң,
Учуна мына жетем деп.
Кайырма:
Жашоо, жашоо — жалын, керемет,
Кыял, ойго терметет.
Талбай кылсаң аракет,
Максатыңа жеткирет.
Кызык, ай, турмуш керемет,
Кыялың алга жетелеп.
Кыбырап чыгып келесиң,
Кырына мына жетем деп.
Кайырма:
Бир кырга чыксаң, бир кыр бар,
Бийиктейт улам ал кырлар.
Тынымсыз жашоо бул күрөш,
Тирүүлүк деген жыргал бар.
Кайырма:
Лира — Жашоо керемет тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 81