Гүлү сенсиң эркин өскөн талаанын,
Бирде жакын, бирде алыстайт карааның.
Түшкө кирип, өңүмдө бир көрүнбөй,
Түрттүң мени түпкүрүнө санаанын.
Үмүт оту үстү-үстүнө тамчылап,
Жүрөк байкуш күнөөлүүдөй жанчылат.
Айтчы, эркем, айтчы, сүйгөн таң шоолам,
Күтөм дагы бир өзүңдү канча убак?
Жашоо үчүн тийбесе эгер кереги,
Ак сүйүүмдү далилдешке мен эми,
Гүл ордуна жүрөгүмдү сунмакмын,
Алып кой деп сүйгөнүңдүн белегин.
Кезиккенде салкын тартса кабагың,
Мен ансайын тумчуккансып барамын.
Сезимдеги жакшы учурду жандантып,
Жок дегенде таанышыңдай карагын.
Кыял Батырканова — Таанышыңдай карагын тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 907