Жаным мени салдың жалынга,
Отко түшүп, күйүп-жандым да.
Сени эстеп жашап калдым да,
Жаздын алдында,
Сүйүү таңында, ардагым.
Жарыгым сен, жанган асманда,
Жалгызымсың бүткүл ааламда.
Сен өзүңө эч ким теңдешкис,
Менин сүйгөнүм,
Соккон жүрөгүң мен үчүн.
Алып келдиң мага жазды сен,
Ошол күндү күттүм эле мен.
Сүйүү кылы сезим терметкен,
Менин шумкарым,
Бийик учаарым — жалгыз сен.
Кенже Дүйшеева — Менин жарыгым тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 42