Акылдан алып ай жүзүң келишкен,
Жашоомдо жарык тийгизген периштем.
Көңүлдү эзип назик күлгөнүң,
Жаным, өзүңсүң – жалгызым, сүйгөнүм.
Кайырма:
Сыр болуп келет,
Сага гана айтылбай.
Сен жакка аккан ай,
Сүйүүнүн мүрөгү.
Бакыт тартуулап,
Бизге гана, аттиң ай.
Керемет экен ай,
Махабат түнөгү.
Кызыл гүл болсоң, үзбөй жыттайын,
Кыйылып, алыс жаныңан чыкпайын.
Сен бакча болсоң, барып, коноюн,
Сен деп ырдаган, торгоюң болоюн.
Кайырма:
КЕҢЕШ тобу — Сүйүү мүрөгү тексти
Датасы: 28.10.2020 Көрүүлөр: 2802
Соонун жазгансыз ырдын текстин,рахмат стздерге