Айылымдын аязында, аптабында,
Ал тургай топурак, чаң, баткагында,
Мээримдүү бир башкача жылуулук бар,
Мен, балким, байкабагам жаш чагымда.
Атама, апама окшош айылымсың,
Ааламда, бул дүйнөдө дайынымсың.
Алыста тагдыр мени алып жүрсө,
Акыры бир кайрылар байырымсың.
Адаммын, айылымдын жарчысымын
Ата-энемден арткан өмүр тамчысымын.
Арзыбасам жок дегенде босогого,
Атакем илип кеткен камчысымын.
Канымжан Жаманбаева — Айылым тексти
Датасы: 11.10.2020 Көрүүлөр: 431