Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төккөн,
Ошол күндөр кайда кеткен.
Жаштыгымдай же кечээги,
Кайрылбай кетеби.
Жамгыр төктү эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.
Кайырма:
Жылдар учаар канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эске түшөт,
Туңгуч сүйүү унутулбай.
Кайырма.
Калыс Жакыпов — Жамгыр төктү тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 133