Качандыр бир кездерде ээсиз жашаган ит өзүнө кожоюн издептир. Себеби жашоо ага абыдан оорлой берет.
Бир курдай ал башы оогон жакка жөнөйт. Суу жээгине келгенде, арык боюнда отурган карышкырды көрүп:
– Кандайсың, карышкыр? – дейт.
– Кандай болсун. Не келдиң?
– Мен өзүмө кожоюн издеп чыктым. Мени өзүңө эш кылып алчы, – дейт ит.
Карышкыр макул көрөт. Экөө андан ары ээрчишип жөнөйт. Бир убакта карышкыр токтой калып айтып турганы:
– Коку-уй, качтык, аюу келатат!
Карышкырдын суу жүрөктүгүн түшүнгөн ит, дароо аюуга келип айтат:
– Мени өзүңө эш кылып кошуп алчы.
Аюу жок дебейт. Экөө ээрчишип жөнөйт. Капилеттен аюу тып токтой калып:
– Кокуй, качтык, – дейт, – арыстан келатат. Экөөбүздү жеп салат!
Аюунун коркок, алсыздыгын түшүнгөн ит жаңы досунан да түңүлүп, арыстанга кошулат. Арыстан экөө ээрчишип, талаага келишет. Адам жүрөт ал жерде. Арыстандын үрөйү учат заматта:
– Тигинде адам жүрөт. Өлтүрөт бизди, тезирээк качалы!
Арыстандын айбаты мокогун түшүнгөн ит адамды көздөй бетме-бет келет да, өтүнүчүн айтат:
– Мени өзүңө эш кылып кошуп алчы.
Адам итти ээрчитип алат. Өзүнө кожоюн тапканына ит да иттей кубанып айтып турганы:
– Дүйнөдө адамдай күчтүү жан жок турбайбы.
Ошол күндөн ушул күнгө дейре ит адамга ак кызмат өтөгөн дос болуп калыптыр.
Топ 10 популярдуу жомок
Nothing liked yet.