Жаз күнүндөй татына, сулуусуңар,
Жигиттердин жүрөгүн элжиретип, кыздар.
Жанды эритет назданып турушуңар,
Айдай сулуу биздин кыздар.
Кайырма:
Кыздар… Кыздар…
Болбогула жигитке кайгы, муң, зар.
Түбөлүккө сүйүп жүрүп өтөлүчү, кыздар,
Күн келбесин силер үчүн жүрөк муздар.
Биздин кыздар.
Силерсиңер жашоодо бүтпөс кумар,
Каректерден төгүлгөн мээримиңер, кыздар.
Жарык чачып, өмүрдү улап турар,
Айдай сулуу биздин кыздар.
Кайырма:
Ильяз Андаш — Кыздар тексти
Датасы: 29.09.2020 Көрүүлөр: 55