Апамдын жумшак ак колу,
Алдейлеп уктаткан көп жолу.
Кайрылбас күндөргө жетелеген,
Апапак жоолугу.
Мээримдүүм, берекем апакем,
Каталык кетирсем кечирген.
Дүйнөмдүн тынчтыгы үчүн,
Эч качан ооруба сен.
Кайырма:
Апакем, алтыным, картайба,
Кабатыр болуп сен кайгырба.
Жашоомо жылуулук берерим,
Бар болгун сен бактыма.
Дайыма төрүмдө сый көрүп,
Балаңа туура жол көрсөтүп.
Небере-чебере жетелеп сен,
Далайга жаша күлүп.
Эркелеп дагы эле мен турам,
Жүрөктөн чыккан ыр сунам.
Алыстасам мени сагынарым,
Жолумду карап улам.

Ильяз Абдыразаков — Бар бол, апаке тексти
Датасы: 14.09.2020 Көрүүлөр: 178