Калдың мага көрүнүп,
Маңдайыңа чачың төгүлүп,
Топ гүлдөрдөн турдуң бөлүнүп.
Көңүл түштү өзүңө,
Кадалдым мен кара көзүңө,
Сен жашайсың эми жүрөктө.
Кайырма:
Гүлдөй назик кулпунган,
Махабатка мас кылган,
Таппастырмын сендей башкадан.
Суктандырат келбетиң,
Сулуу жүздүү берметим,
Сүйкүмдүүсүң, жаным, секетим.
Сүйүү балы сен белең,
Бакытымсың жүрөк эңсеген,
Ай ааламдан күткөн арзуум сен.
Күнүм белең жалжалым,
Гүлүм сени жаным тандадым,
Жан дүйнөмдүн баарын арнайм мен.
Кайырма:
Ильгиз Абдалиев — Сүйкүмдүүсүң, жаным, секетим тексти
Датасы: 02.10.2020 Көрүүлөр: 31