Көрөм деп жүрүп кыз камын,
Бир үйдүн алып кыздарын.
Жарашып сыныбыз, бирге өтүп күнүбүз,
Ушундай туугандаштык биз.
Сыйлашып, достошуп, кездешип, коштошуп,
Кызыктуу жумуш таптык биз.
Кайырма:
Бириксек кумар жазышып бажалар,
Бир-бирин тамашалашып жазалаар.
Тийишип кайни-балдызын мазалаар,
Жарашып дайым жашасын бажалар.
Баш кошуп, үй-бүлө куруп,
Балалуу үй — базар болуп,
Бажалар, ар дайым көбөйүп урпагың,
Керегең кеңейе берсин.
Балдыздар бой жетип, узатып той берип,
Бажалар көбөйө берсин.
Кайырма:
Ильгиз Абдалиев — Бажалар тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 177