Мезгил бизди абдан сынады,
Таарынычтар мени кыйнады.
Сездим сенсиз жашоо кызыксыз,
Сен жок калып жүрөк ыйлады.
Кайырма:
Сагынам, сагынам,
Карааныңа зарыгам.
Сагынам, сагынам,
Тагдырыма таарынам.
Сагынам, сагынам,
Менден алыс кетпечи,
Сагынам, сагынам, сагынам…
Өзүң барда күлүп жүрчү элем,
Мен бакыттын даамын билчү элем.
Жөн жүрбөстөн, неге таарындык,
Сенден башка кимди сүйчү элем?
Кайырма:
Гүлзинат Суранчиева — Сагынам тексти
Датасы: 27.10.2020 Көрүүлөр: 37