Мындай таалай тилебегем Теңирден,
Мындай күндү күтпөгөнмүн же бир мен.
Эсим эки болуп турат, эркетай, эркетай,
Эриниңдин даамы кетпей эринден.
Арга жоктур буйругуна Кудайдын,
Аттиң, эрте көрбөгөнүм — бул айыбым.
Жакшы жатып, жакшы түш көр десем да,
Кош дегенге кантип гана чыдаймын?
Кыналышып бир жүрөккө бир жүрөк.
Үнсүз, сөзсүз көшүлөсүң үргүлөп.
Арта калсаң ак жумуру билегиң,
Ак алкымың үлбүрөктөн үлбүрөк.
Жан жыргатып жалбыз жыттуу илебиң,
Жабышты бек моюнума билегиң.
Мындан ары махабатты ырдаймын,
Махабаттын бар экенин билемин.
Гүлзат Батырканова — Махабатка ишеним тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 49