Гүлдөр жайнап аңкып турса ыргалып,
Көңүл эргип нечен күлдүк, ырдадык.
Биз эч качан кайгырбайбыз дечү элек,
Кумар канбай, жал-жал карап, жылмайып.
Ал кез кетти койбой кылчайып,
Көңүлдөргө кайгы-муң салып.
Жаным, сен жок, эл көп болсо да,
Жалгызсырап жүрөм сумсайып.
Бак жасанган, бак жашарган күндөрдө,
Бажырайып жылдыз толгон түндөрдө.
Биз эч качан айрылбайбыз дечү элек,
Бирге ойноп, бирге күлүп жүргөндө.
Бирок анда оттой жаныппыз,
Биз тагдырды такыр таныппыз.
Жанашууга айла таппадык,
Жакын жүргөн менен, алыспыз.
Эркелетип сени тоонун кушундай,
Колго кармап жүрө албадым учурбай.
Турмуш деген татаал экен, кантели,
Тагдыр деген катаал экен ушундай.
Унутпаймын эсим барында,
Жүрөгүмдө сезим барында.
Сен таарынсаң, таарын тагдырга,
Бирок, жаным, мага таарынба.
Гүлнур Асанова — Унутпаймын тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 199