Кирдетип коёмбу деп,
Кичине колум жетсе.
Туу туткан махабатым,
Тура бер күйүп көктө.
Кайырма:
Маңдайга жазганымсың,
Тагдырдан тапканымсың.
Булутсуз асманымсың,
Бүтпөгөн дастанымсың.
Бактыма келген дүйнө,
Бир гана сен деп жүрөм.
Кол жетпес бийигим да,
Бир гана сен деп билем.
Кайырма:
Маңдайга жазганымсың,
Тагдырдан тапканымсың.
Булутсуз асманымсың,
Бүтпөгөн дастанымсың
Үмүттүн ак таңы сен,
Жүрөктүн тапканы сен.
Суранам бир өзүңдөн,
Өтпөсүн өмүр текке.
Кайырма:
Маңдайга жазганымсың,
Тагдырдан тапканымсың.
Булутсуз асманымсың,
Бүтпөгөн дастанымсың.
Гүлнара Калдарова — Маңдайга жазганымсың тексти
Датасы: 15.10.2020 Көрүүлөр: 275