Өзүңдү өмүр бою күткүм келет,
Ыр болуп жан дүйнөмө бүткүм келет.
Жашоодо жарык күнүм бардыгына,
Кубанып бул дүйнөдөн өткүм келет.
Багдырап сен тарапка баргым келет.
Багынтып жүрөгүңдү алгым келет.
Айтпаган эч бир жанга сырларымды,
Ардагым жалгыз сага ачкым келет.
Бакытка өзүң менен толгум келет,
Куш болуп гүл багыңа конгум келет
Ыр болуп, күүгө салып жүрөк кылын,
Түбөлүк өзүң менен болгум келет.
Түбөлүк өзүң менен калгым келет.
Гүлнара Калдарова — Күткүм келет тексти
Датасы: 04.10.2020 Көрүүлөр: 84