Томсортуп мени таштап кетип калдың,
Өзүңдөн мен алыстап, жалгыз калдым.
Эми биз жолукпайбыз,
Ак сүйүүм кайталангыс.
Өзүңдү элестетип, турамын сенсиз жалгыз.
Бир болбой, эки жүрөк эзилбеди,
Жанашып сүйүү сыры чечилбеди.
Жылдыздай көздөрүңдү,
Сагындым күлгөнүңдү,
Кайрадан көргүм келет, ардагым, бир өзүңдү.
Ойлонтуп сезимимди бийлеп алдың,
Жүрөктү ээлеп алып, ырга айландың.
Таарынчың жазылабы?
Ак сүйүүм кайрылабы?
Таңдагы жанып турган Чолпондой ачылабы?
Гүлнара Калдарова — Кайрылбай калган махабат тексти
Датасы: 23.10.2020 Көрүүлөр: 226