Жаз жамгыры жаап келип шаштырып,
Жаш даракты калкаландык каткырып.
Жанга жагым бир сезимге арбалдык,
Тамчылардын тамган сымал жакшылык.
Кайырма:
Жалбырактан жаба куюп баратып,
Жамгыр суусу мени сенден талашып.
Алмак-салмак экөөбүздү өпкүлөп,
Көзүбүздөн өзүбүздү каратып.
Билбейм эмне мени тартып турган сыр,
Балким, бизге тагдыр буйрук кылгандыр.
Жаным менин, жамгыр, жамгыр жана сен,
Жашоо берет силер мага сунган ыр.
Кайырма:
Өткөн күндөр өттү, мейли, кечээки,
Бүгүнкүнүн кадырына жетели.
Жамгырдын да токтой турган кези бар,
Токтой элек кызыгында кетели.
Кайырма:
Гүланда — Жамгыр тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 192