Уйкуман серпилгенде алыс жактан,
Айылдын ак таңдары эске келет.
Жолунун боз чаңдары көздөн учуп,
Көңүлүм өскөн жерге имерилет.
Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип,
Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн.
Апалар таңда туруп уй сааганда,
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн.
Туулган жер, кудуретиң сагындырып,
Элесиң көз алдыма мелт-калт этет.
Айылыма өзүм жетпей, оюм жетип,
Yмүтүм закымдарга батып кетет.
Аябай сонун ыр
Оваа абдан жагат ушул ыр туулган жеримди сагынганда ырдап угуп турам
Же жакшы во мен учун
Жакшы ыр абдан жагат мага
Менин журогумдун гимни,акырын ун кайрыганда кыргызымдын айылы,жер эненин кучагы
Абдан жашат