Ичим ысыйт өзгөчө
Бир башкача жүрөгүм
Сапар алдым өзүңө
Сак айылым түнөгүм
Тоолор мени тосуп
Тоодой менин бугум бар
Сагынычтын жашы менен
Топурагым жуугум бар
Кайырма:
Тосуп алгын тосуп алгын айылым
Жетип калдым жакасына айылдын
Тосуп алгын тосуп алгын айылым
Келип калдым жок жолуна айылдын
Жүрсөм дагы алыста
Сен деп жүрөт жүрөгүм
Ааламга жол айылдан
Башталарын билемин
Канат күүлөп учурган
Касиеттүү уямсың
Кай жерлерге барбайын
Кайра кайтып турайынчы