Жүзүмдөн айдың жел аймалап,
Жүрөктө кусалык айланат.
Аттиң, ай, кайрылып келсеңчи,
Ай менен сырдашкан махабат.
Жаралуу жүрөктү мас кылып,
Жанымда жүрсөң да каткырып.
Кечээги кыялдар бүгүн жок,
Кеткенсип бурганак сапырып.
Чолпондой жаркыган үмүтүм,
Чогунда алоолойт күйүттүн.
Жүрөктөр биригип сыр чечкен,
Кайдасың, жылдыздуу айлуу түн?