Бир кеч бүтүн өмүр болуп,
Сезилип калды мага.
Биригип кыялда жашасак да,
Ырахат мага.
Бир кубанып кайра-кайрадан,
Бул ойлорума байланам.
Кайырма:
Жай, жай жүрөгүм согуп турат,
Үнүн угат.
Жай, жай күндөрүм жолуктурат,
Жолун курап сунат.
Бир сен, жарык нуруң чексиз,
Ачылбайт көңүл сенсиз .
Бардыгын берсе да,
Сенден башка өмүрүм теңсиз.
Бир кубанып кайра-кайрадан,
Бул ойлорума байланам.
Кайырма:
Өзүңсүз билсең,
Өмүрүм ирмем, ирмем.
Туптунук сезим,
Жүрөктө бир сен, бир сен.
Кайырма:
Джонни — Байланам тексти
Датасы: 31.08.2020 Көрүүлөр: 56