Көркөмдүү сонун көл таңы,
Көл менен кошо эл шаңы.
Тоолордо обон кайрышып, ай,
Толукшуп жатты бүт баары.
Кайырма:
Махабат — аруу сезим биз үчүн,
Жарк этип күн-түн айланам.
Жанары жарык жайнаган,
Каректе калган жылдызсың, ай
Кай күнү сага байланам?
Көл бойлоп басып келесиң,
Тартылып көзгө элесиң.
Жашоонун гүлү ушул деп, ай,
Жоогазын колго бересиң.
Кайырма:
Көлдө да, көктө жылдыздар,
Кол булгайт көлдөн нур кыздар.
Ай дагы коштоп баратты да,
Артынан ээрчип жылдыздар.
Кайырма:
Дилшат Кангелдиева — Махабат тексти
Датасы: 14.10.2020 Көрүүлөр: 102