Бий кана чыгактары жагылса, башкача дүйнө,
Музыка сезим козгоп жаңырса, кетпеймин үйгө.
Бул тарап шымаланган жигиттер, көзү нурланган,
Бул тарап суйкайышкан бийкечтер, чачы чубалган.
Кайырма:
Келчи жанаша, колдон кармаша,
Элден башкача,
Каткырып ачылабыз, чачыла.
Бийлейли ча-ча.
Таштачы бир мүнөткө кайгыңды, ойлоп тойбогон,
Башыңды, буту-колуң, белиңди тынбай толгоно.
Айланып көп толгонуп канбадым, кайрадан башта,
Менин күлөм, сен да мага күлүп кой, кубаныч жаша.
Кайырма:
Келчи жанаша, колдон кармаша,
Элден башкача,
Каткырып ачылабыз, чачыла.
Бийлейли ча-ча.
Данияр Эрматов — Бийлейли ча-ча тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 99