Көңүлдөгү арманымды,
Жашырып мен күнүгө.
Жаш жүрөгүм,
Жарылып кете жаздайт күйүттөн.
А бирок мен алдырбаймын арманга,
Өзүмдү өзүм кыйнасам да,
Алдырбаймын арманга.
Мен да бир күн жолугармын,
Таза, тунук махабатка.
Кечигип келген сүйүүнү каалабайм.
Жолугармын ак сүйүүгө,
Ал сүйүүдөн табармын,
Өз бактымды сага алдырган.
Барын эске алармын.
Ошол кезде, кайтып келбе,
Көз жашыма татыбайсың.
Кеч түшүнгөн махабатты,
Анда ал сүйүүң кайсы?
Мен да бир күн жолугармын,
Таза, тунук махабатка.
Кечигип келген сүйүүнү каалабайм.
Бегимай Эсенгулова — Каалабайм тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 52