Жүрөгүмө сен жылуулук арнадың
Көздөрүңдөн мен бакытты табамын
Сенсиң менин он сегиз миң ааламым
Бир өзүңө байланамын
Сени менен бакыт барын сеземин
Билем жаным жалгыз сендик экеним
Менин тунук бакытыма себебсиң
Жүрөгүмдө сезимдесиң
Кайырма:
Сен менин жаным
Мен бактымды таптым
Жаркытып жашоомо
Жарык нуруңду чачтың
Дайым менин жанымдасың бир өзүң
Жагат мага сүйүп турган мүнөзүң
Сени менен чогу бирге өткөргөн
Кымбат мага мүнөттөрүң
Бактылуумун өзүң барсың жанымда
Эркелетип сүйүп турган дайыма
Кандай жакшы жазылган бактыма
Бакыт болбой башкаларга

Кызсайкал Кабылова — Бактым таптым / Жаңы ыр 2022 тексти
Датасы: 29.11.2022 Көрүүлөр: 2290
Сен менин жаным эмес, сен менен жаным
Сонун чыгарма болуптур