Жыпар жыттуу жыттанышып бүрүн ачкан гүлдөр көп,
Бирисинен бири өтүп нурданышкан кыздар көп.
А бирок мен узө албайм жайнап турган гүлдөрдү,
Алсам дагы арзып алам адашпастан сүйүүмдү.
Кайырма:
Ай, ай биздин, ай ак куулар, ак куулар
Араңарда менин сүйгөн ак куум бар.
Ай чырайлуу татынакай ак куулар
Ак кууларга айта турган сөзүм бар.
Аялзаттан биз жаралдык жанар тоодой жаңырып,
Жалгыз болуп бул жашоодон өтпөйлүчү кайгырып
Асыл затты барктап билиш ар жигиттин мойнунда
Ар намысын сактап жүрүш, өзүн өзү барктап билиш
Кыз жигиттин колунда.
Кайырма:
Автандил — Ак куулар тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 175