Бир күнү Цаген бир жактан үйүнө келатып катуу жаанга кабылды. Жакын жердеги ашкананы көрө сала, жамгыр басылганча калкалана турайын деп кире калды. Ашканада жып-жылуу, даамдуу тамак жыттанып турду.
Жаан басылып, Цаген чыкмак болгондо ашкананын ээси токтото калды:
– Эмне акча төлөбөй кетип баратасың?
– Эмне үчүн акча төлөшүм керек? – таң калды Цаген.
– Кантип, эмнеге? – дейт кожоюн. – Сен тамактын жытын жыттаган жоксуңбу?
– Жыттасам жыттагандырмын, бирок тамагыңды көргөн да, жеген да жокмун!
– Баары бир жыттаганың үчүн төлөшүң керек! – деп тиги артынан калбайт.
Цаген тигинден кутулбасын көрдү да айтты:
– Макул, төлөсө төлөйүн, акчам жок эле, үйдөн алып келип берейин.
Үйүнө барып акча алып келсе ээси күтүп отуруптур:
– Алып келдиңби акча?
– Алып келдим, – дейт Цаген. Колун чөнтөгүнө салып, тыйындарын шыңгыратып койду.
– Уктуңбу, тыйындар кандай шыңгыраганын?
– Уктум.
– Мына эми сен экөөбүз эсептештик. Мен сенин тамагыңдын жытына тойдум, сен менин акчамдын добушун укканыңа ыраазы бол, – деди да ашканадан чыгып кетти.
Топ 10 популярдуу жомок
Nothing liked yet.