Унутпа сенде калган сырларымды,
Кирген суу, жааган күндөй жылдарымды.
Өмүргө бир гана ирет жаралсам да,
Өзүң деп миң толгонуп учканымды.
Унутпа бирге болгон күндөрүңдү,
Назданып нур жүзүңдөн сүйгөнүмдү.
Турмушка бир гана ирет жаралсам да,
Аялуу жан сырымды төккөнүмдү.
Унутпа кечээкиңди, эртеңкиңди,
Жабыркап бир өзүңө жеткенимди.
Заманга бир гана ирет жаралсам да,
Сезимге из калтырып кеткениңди.
Унупа жылдыз мончок жылдарыңды,
Жылды ээрчип жылтылдаган жыргалыңды.
Унутсаң мени унут, бирок, жаным,
Унутпа сенде калган сырларымды.
Унутпа менден уккан ырларыңды.
Алтынай Нарбаева — Унутпа тексти
Датасы: 13.10.2020 Көрүүлөр: 254