Кырчындай кымбат чак калып,
Кыйлага бардык жаш-кары.
Кундуздай кара чачымдан,
Күмүш кыл турат баш багып.
Баш бакса мейли, баш баксын,
Чачымдын баарын ак бассын.
Жыйырмага чыккан жаңыдан,
Селкилер менен жашташмын.
Жыйырмага чыккан жаңыдан,
Жигиттер менен жашташмын.
Абайлап жүрбөй кокустан,
Ашыппыз бекер отуздан.
«Агатай, кайра кайрыл» деп,
Аркамдан чуркайт отуз жаш.
Салтанат күүсүн көп угам,
Заманам шайыр деп угам.
Кырчындай кыздар турганда
Кырк жашка чыгып не кылам?
Кырчындай кыздар турганда
Элүүгө чыгып не кылам?
Карылык деген кашаң ат,
Карытат эми шакалап.
Карысак шашпай карыйлы,
Картайбайт, бирок махабат.
Кездешер биздин кесилиш,
Коё тур келбей, жетимиш.
Алтымыш ашуу аша элек,
Келбей тур, келбе, жетимиш.
Алтымыш ашуу аша элек,
Коё тур, келбе, жетимиш.
Акбар Сүйүнбаев — Мезгил тексти
Датасы: 13.10.2020 Көрүүлөр: 199