Алыстан кабарыңды күтө берем,
Кайда, качан жолугабыз, айтчы, келем.
Келемин деп кетип калдың бөтөн элге,
Күтөмүн деп кала бергем күз келгенде.
Кайырма:
Жашоодон жадаган, жадаган жандай,
Кыйналдым, кыйналдым, айла таба албай.
Сагынып, саргайып, саргайып бүттүм,
Жаныңда, жаныңда дайым боло албайм.
Башкага окшобогон өзгөчөмсүң,
Жылмайганда эркелеген бөбөктөйсүң.
Сени сүйөм, сени күтөм унута албайм,
Бул жашоодо эң алгачкы сүйгөнүмсүң.
Кайырма:
Күн санап жолуң карап сагынамын,
Бул сүйүүнүн азабынан жашынамын.
Эмнегедир бир сен үчүн жаралгандай,
Мага болгон ак сүйүүңө багынамын.
Кайырма:
Айпери Сыдыкова — Сагындым тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 67